Биз менен байланышыңыз

Мукамбетов: 4283 сомго жетпеген пенсияга 300 сомдой кошулду

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2019 | 600 | 0

1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлдү. 4283 сомго жетпеген пенсияга 300 сомдой кошулду. Бул маалыматты Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  күнүмдүк тириликке жетпеген (4283 сом) пенсиянын базалык бөлүгү 5 %га, т.а., 100 сомго көтөрүлдү. Мындан сырткары, камсыздындыруу бөлүгү да 5 %, же болбосо 200 сомго көбөйтүлдү.

Ал эми күнүмдүк тириликке кенен жеткен пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү гана 5%га көбөйтүлүп, 320 сомдон кем эмес каражат кошулду.

Мукамбетов белгилегендей, пенсияларды жогорулатууга акыркы 3 айда 659 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Анын 592 млн сому пенсиялык фонддун каражаты болсо, калган 62,7 млн сому республикалык бюджеттин эсебинен пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатууга каралды.

Айта кетсек, өлкөдө 667 миң пенсионер бар.

Copyright © 2017 Maral FM