Биз менен байланышыңыз

3-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 442 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда абанын температурасы 0…-2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында  -1…-3°, Нарын облусунун  дыйканчылык аймактарында -2…-4° болуп үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 3….8… күндүз: 15…..20°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 1….6….күндүз: 15…..20°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 17….22°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 1…..6….күндүз: 11……16°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 1….6…..күндүз: 12…..17°C;

3-октябрда Бишкекте күндүз жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 18……20°C, түнкүсүн 6..… 8°C.

Copyright © 2017 Maral FM