Биз менен байланышыңыз

«Министрлик жөнөкөй адамдар менен эсептеше албайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2019 | 443 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги жөнөкөй адамдар менен эсептеше албайт. Бул тууралуу аталган министрликтин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эл аралык деңгээлге ылайыктуу III баскычтагы медициналык тейлөөнү камсыздоо мүмкүнчүлүгү жок. Айрым ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого автономия берүү боюнча токтом долбоору чет мамлекетке кетип жаткан каражаттарды Кыргызстанга калтыруу максатын көздөсө, колдоого татыйт. Анткени, эл сапаттуу медициналык тейлөөгө муктаж.

Саламаттыкты сактоо министрлигинде көп өзгөрүүлөр белгиленген адамдардын кызыкчылыгы менен жүргүзүлүп жаткандай. Көп маселелер коомчулук, дарыгерлер, жетекчилер менен талкууланбайт.

«Бизде жакын адамдар толук кандуу талкуу кылбай эле идеяларды чыгара берет. 5-6 киши бир демилге көтөрүп чыгат да, башкаларга таңуулайт. Анын кесепетинен министрлик ыйлагыдай жагдайга келди», — дейт Жумакулова.

Ал министрликте кадрларды даярдоо, камсыздоо маселеси туура эмес жүргүзүлгөндүктөн райондук деңгээлдеги операциялар облустук ооруканаларда жасалып жатканын эске салып, сынга алды. Мындан улам улуттук макамы бар борборлорго 15-20 жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлер тандалып алынышы керектигин белгиледи.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого автономия берүү боюнча токтом долбоору иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM