Биз менен байланышыңыз

«Депутаттар сүйлөсө баары Момбековдон ашып түшөт, бирок…»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 487 | 0

Өкмөт — парламенттин күзгүсү. Экөөнө бирдей баа берилет, аны айырмалап кароого болбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент күчтүү болсо, өкмөт мыкты болот.

Шыкмаматов эл өкүлдөрү популярдуулук үчүн популисттик кадамдарга барарын белгилейт.

«Мен парламенттеги 120 депутаттын баарын билем. Сүйлөсө баары Рыскелди Момбековдон ашып түшөт. Болгону бизнестеги репрессиядан коркушат. Мамлекет эки жолу бизнесин бураса, айткыс болот», — дейт Шыкмаматов.

Ал депутаттар канчалык катуу сын айтса, ошончолук популярдуу болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM