Connect with us

Шыкмаматов: Эл талап кылса, парламент таркашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 925 | 0

Эл талап кылса, парламент таркашы керек. Анткени, бийликтин ээси — эл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийликтин ээси болгон элдин парламентке болгон баасы өтө начар.

«Жогорку Кеңеште парламент тарайт деген топ түзүлсө, мен ошол топто болом. Коомчулук талап кылып, парламенттен топ чыкса кошулмакмын. Бирок парламенттин тарап кетүүсү ишке ашпай тургандай көрүнөт», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлүнүн баамында, парламенттин VII чакырылышына 3-4 партия келет. Анын экөө олигархтардын партиясы болот. Себеби, босого упай 9 %га көтөрүлдү. Андыктан, кийинки парламент мындан да начар болот.

Шыкмаматов «Ата Мекендин» акчалай ресурсу жок экенин эске салып, бирок партия 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышарын белгиледи.

«Утулуп калсак да жоголуп кетпейбиз, партиянын саясатын жүргүзөбүз. «Ата Мекен» саясатта ар дайым мамлекет үчүн күрөшөт», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM