Биз менен байланышыңыз

Bishkek Investment Forum: жылдын эң ири ишкер форумун өткөрүп жибербеңиз!

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 1152 | 0

10-октябрь Кыргызстанда биринчи жолу EXPO International Trade and Franchise иш-чарасы өтөт. Бул франшизанын негизинде иштешүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн сооданын символу жана ачык аянтча катары эсептелген эл аралык көргөзмө. АКШнын, Европалык Биримдиктеги өлкөлөрдүн, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Борбор Азиялык аймактын бизнес өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Алар өз бизнесинин франшизаларын сунушташат.

Көргөзмөгө бардык бизнес-өкүлчүлүктөр чакырылат. «Дасмия» этнокомплексинде саат 9да башталат. 1500 катышуучу күтүлүүдө. Көргөзмөгө кирүү акысыз.

Ал эми 11-октябрь күнү болсо BIF — жолугушуу өтөт. Бул — ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум. Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык региондорунан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышат. Жалпысынан 1500 катышуучу күтүлүүдө. Форумга билет баасы 1000 сом.

Bishkek Investment Forum 2019

Радио Марал-MARAL FM — Бишкек инвестициялык форумунун медиа өнөктөшү! 10-11-октябрда Бишкекте Bishkek Investment Forum 2019Бизнес Ассоциация JIA Asel Bakytbekova Фархад Пакыров (Farkhad G Pakyrov) Emil Umetaliev Kurman Zholdoshev Azzambek Zheenbai Uulu Тойбосс Atalyk Group

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Понедельник, 30 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM