Биз менен байланышыңыз

Бишкекте франчайзинг көргөзмө болуп өттү. Инвестор табууга кечикпедиңизби?

Коом | 10 Окт 2019 | 1168 | 0

Бишкекте «EXPO International Trade and Franchise» франчайзинг көргөзмөсү болуп өттү. Бул иш-чара идеясы бар жигердүү жаратмандардын өз бизнесине инвестиция тапканга жана ишкерлердин башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер менен таанышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Форумга Америка, Европа жана Борбор Азиянын ар түрдүү багытта иш алып барган ири компаниялары келген.

Иш-чаранын ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышып, дүйнөлүк экономикадагы Кыргызстандын ордун жогорулатууда инвестициянын мааниси чоң экенин белгиледи.

— Форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирем. Өлкөнүн келечеги ушул жерде отурган жаштардын колунда. Сиздер коркпой, демилгеңиздерди, ойлоруңуздарды, максаттарды ишке ашырсаңыздар, биз колдойбуз. Себеп дегенде, биздин келечегибиз жогорку технологиялуу, илим-билим менен байланышкан долбоорлордо болот. Баарыңарга жогорку чыгармачылык ишмердүүлүк каалап, форум ийгиликтүү өтөөрүнө ишенеримди билдирем.

Өкмөт башчы ошондой эле, 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу инвестиция 40 пайызга, ал эми 2019-жылы алты айда 60 пайызга өскөнүн кошумчалады. Мындан сырткары, бизнес жүргүзүүдөгү реформатор катары Кыргызстан 20 өлкөнүн катарына киргендигин жана туризм тармагы жакынкы жылдары Кыргызстандын пайда алып келген негизги багыттарынын бири болорун белгилеп өттү.

 Ал эми ЖИА Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров BIF жана EXPO инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, буга чейинки жетишкендиктерге токтолду.

— Бүгүнкү күнө BIF жана EXPO инвестиция тартууга, тажырыйба бөлүшүүгө, жаңы өнөктөштөрдү табууга багытталган уникалдуу аянтча болуп саналат. 3 жылдан берки Бишкек инвестициялык форумун өткөрүү тажрыйбасы, ички инвесторлордун потенциалы жогору экенин көрсөтүүдө. BIF өз аянтына 3500дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерди чогулта алды. Буга чейин 800 инвестициялык долбоор чогултулган. Анын жыйынтыгында 25 жергиликтүү компания 9 миллион 600 миң доллар инвестиция тартууга жетишип, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алды.

EXPOнун уюштуруучуларынын бири болгон АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Батыш менен Чыгыштын соодагерлери Борбор Азияда жолуккандыгы жөнүндөгү байыркы салтты эске салып өттү. Ошондой эле ал иш-чарадан ишкерлер жогорку жыйынтыкка жетишерине ишенерин айтты.

— Орто кылымдарга таандык байыркы салт бар. Чыгыш менен Батыштын соодагерлери ишкерлик үчүн Борбор Азияда жолугушуп келген. «Samsung» жана «General Electric» сыяктуулар өздөрүнүн баалуу буюмдарын узак жана кооптуу жол аркылуу төө жана аттарына жүктөп, бири-бирине бул жердеги кербен сарайлардан жолугушуу үчүн келишкен. Кылымдар бою Жибек Жолундагы соода-сатык Батыш жана Чыгыштагы маданияттын эң мыктысы кайсы экенин аныктаган. Бишкекке Орто Азиянын эң мыкты ишкерлери менен жолугуу үчүн келген Америка, Европа жана Кореянын эң мыкты компанияларынын атынан сыймыктануу менен салам айтабыз. Менин оюмча, эки тараптын тең даярдыгы бири-бирин таасирлентет.  

Көргөзмөгө катышкан компаниялардын арасында сүт азыктарын жана табигый шире өндүргөн Түрмөнстандын «Парахат» компаниясы да бар. Аталган компаниянын маркетинг директору Жинет Кажимурадова алардын өндүрүмүнүн сапаты жогорку деңгээлде экенин айтып, «Кыргызстандан жаңы өнөктөштөрдү табабыз», — деген ишеним менен келгенин маалымдады.

— Бул аянтча өндүрүмүбүздү жергиликтүү базарга киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Биз Түркмөнстандын «Парахат» компаниясынан келдик. Товарлардын баары өзүбүздүкү, жеке заводубуз бар. Биздин компания сүт азыктарын, табигый шире жана балдар үчүн коктейлдерди өндүрөт. Коопсуздук жана экологиялык тазалыкты тастыктаган сертификатыбыз да бар.

Бишкекте өткөн EXPOго 40тан ашуун өлкөдөн ар кыл тармакта иш алып барган компаниялар келген. Ал компаниялардын жетекчилери, өкүлдөрү өздөрүнүн ийгилиги, тажрыйбасы менен да бөлүшүштү.

«Bishkek Investment Forum» (BIF) бизнес-форуму эртең, 11-октябрда да уланат. Маалыматка ылайык, бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

«Bishkek Investment Forum»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM