Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Кыргызстан бизнес жүргүзүүдөгү реформатор катары 20 өлкөнүн катарына кирди

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 667 | 0

Бишкекте «EXPO International Trade and Franchise» иш-чарасы башталды. Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, ал дүйнөлүк экономикадагы Кыргызстандын ордун жогорулатууда инвестициянын мааниси чоң экенин белгиледи.

«Өкмөт бул жаатта чоң иш алып барууда. 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу инвестиция 40 пайызга, ал эми 2019-жылы алты айда 60 пайызга өстү. Бизнес жүргүзүүдөгү реформатор катары Кыргызстан 20 өлкөнүн катарына кирди. Туризм тармагы жакынкы жылдары Кыргызстандын пайда алып келген негизги багыттарынын бири болот», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле, форумдун катышуучуларын болгон мүмкүнчүлүк, артыкчылыктарды активдүү колдонууга жана мамлекеттик сатып алууларга активдүү катышууга чакырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев иш-чараны уюштуруучуларына, анын катарында АКШнын элчисине ыраазычылык билдирди. Форумга 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM