Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда таза суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 359 | 0

1-октябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлө турганын мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9.00дөн 17.00гө чейин «Тоголок Молдо» суу топтомо жайында жана Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жол менен чектеш аймактарда түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.

Айтылган күнү төмөнкү даректерге таза суу берилбейт:

  • № 70 мектеп-гимназиясы;
  • № 47, № 115, № 184 бала бакчалар;
  • № 6 төрөт үйү;
  • «Билим Кенчи», «Абитуриент плюс» жеке мектептери;
  • Бишкек техникалык колледжи;
  • № 1 стоматологиялык бейтапканасы;
  • Асаналиев атындагы Тоо-кен институту;
  • «Бета-Сторес 1» соода борбору;
  • Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Улуттук госпиталь;
  • «Пром Проект» ААКсы;
  • Ардагерлер бейтапканасы;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • «Кыргызпочтасы» ишканасы;
  • БУУ үйү;
  • Тез жардам кызматы;
  • Транспорт департаменти;
  • Кыргыз коммерциялык банкы;
  • «Россия» кинотеатры;
  • «Территория SPA» салону;
  • «Алтын-Түйүн» балдар академиясы;
  • «Развивайка» билим берүү борбору;
  • «Карамель» кондитердик ишканасы;
  • «Тур-Азия» мейманканасы;
  • Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты;
  • Бишкек медициналык колледжи;
  • Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору.

Copyright © 2017 Maral FM