Connect with us

30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 523 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо каар жашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 5….10… күндүз: 12…..17°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 3….8….күндүз: 11…..16°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 10…..15….күндүз: 15….20°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 2…..7….күндүз: 12……17°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 4….9…..күндүз: 12…..17°C;

30-сентябрда Бишкекте күндүз жаан жаап, түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан чачын жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 15……17°C, түнкүсүн 8..… 10°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM