Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюму өлкөлөрүнүн жыйынына катышты

Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 389 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кесиптештерин Ислам Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташуунун бардык чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча жигердүү жана биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Бул тууралуу ал кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин ар жылдык координациялык жолугушуусунун ишине катышып жатып айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти бүгүн кабарлады.

Жолугушууда уюмга мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери күн тартибинин актуалдуу маселелерин: биримдикти жана тилектештикти бекемдөө, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, Жакынкы Чыгыш регионунда жана дүйнөдө аскердик-саясий кырдаалды турукташтыруу маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө Айдарбеков эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууда БУУнун принциптерин жана Уставын Кыргыз Республикасы бекем жактаарын баса белгиледи. Ислам Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташуунун бардык чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча жигердүү жана биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана билим берүүчү программаларды кубаттоого кесиптештерин чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM