Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков Евразия кант ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 515 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору Андрей Бодин кант тармагындагы абал жана анын өнүгүшүн талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Разаков мамлекет жана кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжасында, акыркы жылдары шекерди өндүрүүн көлөмү өсүп жатканын белгиледи.

“2017-2018-жылдары бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда кантты импорттоонун шартына байланыштуу, шекердин баасы ички рынокто арзан болду. 2018-жылы ата мекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөн болгон. Бул ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана аймактык баасынын төмөн болушу ишканаларга кыйынчылыкты алып келүүсүн шарттайт”, — деди Жеңиш Разаков.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшү тармагындагы кызматташууну жана даяр продукцияны сатуу үчүн рынокту кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, акыркы 2 жылда өлкөдө кант кызылчасынын аянты 3 эсе көбөйдү, ал эми анын түшүмүн жыйноо орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоннага чейин өскөн.

2016-жылдарга чейинки аралыкта Кыргызстанда канттын 80% импорттолуп келчү. 2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102, 2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган. Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке түшүүлөр 19% жогорулады же 430 млн сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM