Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ЕАЭК Коллегиясынын төрагасы менен жолугушту

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 386 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды Бишкектеги «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Евразия аймагында ишкердикти өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди тажрыйба түрүндө ишке ашырууга жетиштүү салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүдө тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи.

ЕАЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 5 жыл мурда ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктары кандайча иштей турганы боюнча белгилүү бир божомолдор бар болгонун айтты. Ал эми бүгүнкү күндө айрым пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн система толугу менен калыпка келгенин белгиледи.

Тараптар ошондой эле Армениянын Ереван шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жана «Евразиялык контитенттин потенциалы» эл аралык форумунун жыйындарынын күн тартибин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM