Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 29-30-сентябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 419 | 0

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо каар жашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы төмөндөп, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° чейин жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

1-2-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM