Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Сот-укуктук реформанын максаты өлкөдө адилеттүүлүктү куруу

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 379 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен сот тармагын жакшыртуу чараларын талкуулады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана сот акыйкаттыгын камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоодо сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи.

«Жүрүп жаткан реформалардын түпкү максаты өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системаны куруу болуп саналат», — деди мамлекет башчысы.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» программасы биринчи кезекте өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлигин түзүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сотто коргоо кепилдигин камсыздоо, адилеттүү соттун жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Судьялар курамын окутуу жана ар дайым кесиптик квалификациясын жогорулатуу, сот коллегияларынын курамын максаттуу бөлүштүрүү жана сот органдарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM