Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Жарандардын кайрылуулары үчүн «Тынымсыз телефон» линиясы иштеп жатат

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 368 | 0

Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жарандардын кайрылуулары үчүн WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber интернеттин социалдык тармактары аркылуу атайын «Тынымсыз телефон» линиясы иштеп жаткандыгын билдирди.

«Тынымсыз телефон» линиясы чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укугун жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого, консультациялык маалыматтарды берүүгө, ошондой эле чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрдүн консулдук ишмердүүлүгү тууралуу пикирлерди тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөр аркылуу күнү-түнү кабыл алуу максатында ишке ашырылууда.

Байланыш номери: +996 551 312 000.

Copyright © 2017 Maral FM