Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Комиссия Курсан Асановду жолугушууга чакырат

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Сен 2019 | 620 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча Акыйкатчы институту түзгөн комиссия жакынкы убакта Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жолугушууга чакырат. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал Асанов комиссияга чакырылганга чейин маалымат бербей турууну туура көрдү.

Мамытов акыйкатчылык кызматка келгенден бери абактагы саясатчылар менен да жолукканын айтты.

«Абактагы саясатчы Садыр Жапаров менен 3-4 жолу жолуктум. Ал койгон бир нече маселе боюнча Башкы прокуратурага, Жогорку сотко кайрылдым. Тилекке каршы, менин сунуштарым сот тарабынан кабыл алынган жок», — дейт Мамытов.

Ал Жапаровдун уруксаты болмоюнча кандай сунуштарды бергенин ачык айта албай турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM