Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков түркмөн элин Эгемендик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 574 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мындан ары да жигердүү жана ырааттуу өнүгөт деп терең ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми түркмөн элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM