Connect with us

Парламент Өкмөткө чек араны тактоону тездетүү тапшырмасын берди

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 520 | 0

Жогорку Кеӊеш кечээ чек ара маселесин карап, Өкмөткө коӊшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, талаштуу тилкелерди тактоо, делимитация жана демаркация чараларын тездетүү маселелерине өзгөчө көӊүл бурууну тапшырды.

Өкмөттүн чек ара маселелерине байланыштуу мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндөгү маалымат угуу кечээ жабык эшик артында өткөн.

Талкууда Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынып, ал аркылуу Өкмөткө буга чейинки аткарылбай калган иштер боюнча кошумча тапшырмалар менен сунуштамалар берилип, аларды аткаруу мөөнөттөрү такталды. Анда коӊшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, талаштуу чек ара тилкелерин тактоо, делимитация жана демаркация чараларын тездетүү маселелерине өзгөчө көӊүл бурулду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Эске салсак, 2019-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара аймагында курал колдонгон ок атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптан 1 жоокер курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM