Биз менен байланышыңыз

ГУМ «Чынар» дүйнө чемпиону Айсулуу менен машыктыруучусуна акчалай сыйлык тартуулады

Кыска кабар , Спорт | 27 Сен 2019 | 633 | 0

Бишкектеги ГУМ «Чынар» соода борборунун жетекчилиги дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен машыктыруучусу Нурбек Изабековго ар бирине жүз миң сомдон акчалай белек берди. Аталган борбор балбан кыз менен машыктыруучусунун зор жана татыктуу жеңишин куттуктаганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жеңишке жол оңой болгон эмес, бирок Айсулуу анын баарын жасады. Бардык кыйынчылыктарды, бардык сыноолорду басып өтүп, өзүнүн максатына жетти. Мындан ары да ага жеңиштерди каалайбыз. Анын жакындарынын колдоосу жана сүрөөнү Айсулуунун демине дем берип, күчүнө күч кошсун! Биз Кыргызстан үчүн мындай зор жана маанилүү жеңиш менен куттуктайбыз жана сыймыктанабыз!», — деген тилек калтырган.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион болуп, алтын медал утту. Бул эгемен Кыргызстандын күрөш тарыхында биринчи алтын медаль болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM