Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев тергөө жайына камакка алынды

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 454 | 0

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 8-октябрга чейин камакка алынды.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкерин Бишкектеги №1 тергөө жайына камакка алуу чечимин кечээ кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Атамбаевдин жан сакчысы «Массалык башаламандык», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Топтошуп адам өлтүрүү» жана «Тергөөчү же башка кызмат адамдарынын аракеттерине тоскоолдук жаратуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Сагымбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 8-августта камакка алынганга чейин кайтарган.

УКМК 20-сентябрда Канат Сагынбаевди атайын кызматтын катарынан четтеткен.

Copyright © 2017 Maral FM