Биз менен байланышыңыз

Ирригациялык иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банк канча каражат бөлгөнү айтылды

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 455 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган ирригациялык объектилерде иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 128,2 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Калыбына келтирүү иштеринин толук жыйынтыкталышы менен дыйкандар үчүн 5 миң гектарга жакын жерге сугат сууну ыкчам берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул райондун айыл чарбасына жакшы таасирин тийгизет.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2024-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 31 объект аныкталган. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14үндө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөт. Мындан тышкары, 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Copyright © 2017 Maral FM