Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков дүйнө коомчулугун Кыргызстандын таза суу боюнча аракеттерин колдоого чакырды

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 357 | 0

Министр Чыңгыз Айдарбеков Борбордук Азияда суу пайдалануу темасына арналган иш-чарага катышты. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу максаттарга жетүүнү тездетүү үчүн сууну трансформациялоо» темасындагы жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Иш-чара кечээ, 25-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде өттү.

Министр иш-чарада сөз сүйлөп жатып, Борбордук Азияда суу пайдалануу механизмин түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндөгү Кыргызстандын позициясын билдирди. Ал механизм бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алат жана суу ресурстарына карата бириктирилген башкарууну колдонууга багытталган.

Ошондой эле суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу улуттук экономикаларды туруктуу өнүктүрүүгө жана экология менен курчап турган чөйрөнү сактоого өбөлгө түзөрүн (анын ичинде, жашыл энергетиканы (гидроэнергетиканы) өнүктүрүү аркылуу) белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында айыл жеринде жашаган элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду илгерилетүүдө эл аралык уюмдарды, финансылык институттарды жана донор өлкөлөрдү Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM