Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Орусия согуштун токтошун кааларын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 533 | 0

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында делегация мүчөлөрүн кабыл алуу учурунда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украина президенти Владимир Зеленский кыска маектешти. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын демилгеси менен уюштурулган. Маек учурунда негизинен азыркы орус-украин мамилелери тууралуу сөз болгон.

Зеленский Нью-Йоркто Сергей Лавров менен болгон кыска маектешүү учурунда эмнелер тууралуу сөз козголгонуна токтолуп, «Лавров Орусия Донбасстагы согуштун аякташын кааларын айтты жана Украина-Орусия ортосундагы туткундарды алмаштыруу ийгиликтүү болгону менен куттуктады»,- деди.

Зеленский Лавровдун айткандарына кошуларын билдирип, «Адамдарыбызды алмашып, аймактарыбызды бири-бирибизге берели, согушту токтотолу«, — деген жообун берген.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясы Нью-Йорк шаарында 24-30-сентябрь аралыгында өтмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM