Биз менен байланышыңыз

Токаев БУУда казак жана англис тилдеринде баяндама жасады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 1493 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы катары алгач ирет БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-жыйынына катышты.

Токаев бүгүн жарыш сөзгө чыгып, баяндамасын казак тилинде баштап, англис тилинде жыйынтыктады. Ал өз сөзүндө Башкы Ассамблеяда Казакстандын президенти катары алгач ирет катышып жатканын айтып, өлкөдөгү демократия тууралуу кеп козгоду. Токаев Казакстан демократиялык жолду карманарын жана аны өнүктүрүүгө аракет кыларын да айтты.

Белгилей кетсек, казак президент англис, кытай жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал буга чейин бир канча жыл Тышкы иштер министри болгон.

Copyright © 2017 Maral FM