Биз менен байланышыңыз

Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 766 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баштаган Кыргызстандык делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти бүгүн кабарлады.

Кыргыз делегациясынын курамына: Саламаттыкты сактоо министри, Кыргызстандын АКШдагы элчиси, Кыргызстандын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү кирди. БУУ БАнын 74-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышынын алкагында министр Чыңгыз Айдарбековдун Италия өлкөсүнүн Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Министрлер Кыргызстандын Рим шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын талкуулашты.

Ди Майо Римде дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле, Неаполь шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндөгү чечимди кубаттады.

Copyright © 2017 Maral FM