Биз менен байланышыңыз

ЖИА: Новосибирск шаарынын ишкерлери менен кызматташат

Экономика | 25 Сен 2019 | 787 | 0

ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишкерлери Новосибирск шаарынын ишкерлери менен жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. 

Иш-чарага өндүрүш компанияларынын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты. Анда базар экономикасын бекемдөө максатында ишкерлер өздөрүнүн товарлары менен тааныштырды.

Жеке ишкер Жоомарт Чыныстанов бизнесте өнөктөштүк маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, эки тарап тажрыйба алмашып, айыл чарба, медицина тармагында товарларды өндүрүп, аны экспортоо жакшы киреше алып келет.

— Новосибирск шаарынан келген жеке ишкерлер менен кызматташабыз. Мисалы, айыл чарбасына органикалык заттарды өндүрүү аппараты жакты. Биз да колдонсок, өзүбүз сапаттуу заттарды өндүрөт элек. 

Новосибирск Тиричилик химия заводунун менеджери Анастасия Александровна кыргыз ишкерлери менен бирге жакшы жыйынтыкка жетише турганын маалымдады.

— Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташып, колдонуучулар менен тыгыз байланышта иштешип, товарды базарга киргизүү максатында келдик. Негизинен кир жуучу каражаттарды  өндүрөбүз, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө жиберебиз. Биргеликте жогорку жыйынтыкка жетебиз деген ишеничтебиз.

Гуминдик заттарды өндүрүү заводунун директору Руслан Мусакидович Кыргызстандын айыл чарбасына да товар жеткирүү максатында ишкерлерге өндүрүүчү аппараттарды тааныштырганын айтты.

— Кыргыз ишкерлерине өзбүздүн органикалык заттарды өндүрүү аппаратын тааныштырып жатабыз.  Көп жылдан бери органикалык гумин заттарын өндүрүп келебиз. Эми башка өлкөлөрдүн айыл чарбаларына өндүрүмдү жайылтуу жана базарларга чыгаруу аракетин көрүп жатабыз.

Кошумчалай кетсек, ЖИА Бизнес ассоциациясы Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүнү жана өлкөдө жаңы жумуш ордун түзүүнү көздөйт.

  

Copyright © 2017 Maral FM