Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулун кабыл алды

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 345 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Орусияда убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле кыргыз- орус аймактар аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи.

Ошондой эле президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Президенттин 23-январдагы № 11 Жарлыгы менен Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу түзүлгөн. Башкы консулдук өзүнө Орусиянын Алтай, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыйт.

2018-жылдын маалыматы боюнча, Сибир федералдык округунун аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын саны: Новосибирск шаары жана Новосибирск облусунда — 31 934 адам, Кемеров облусунда — 2291 адам, Омск облусунда — 2750 адам, Томскта — 1910 адам, Алтай Республикасы — 121 адам, Алтай крайы — 7 491 адам. Бардыгы болуп Ыраакы Чыгыш Сибирь федералдык округунда 67 485 миң Кыргызстандын жараны бар.

Copyright © 2017 Maral FM