Биз менен байланышыңыз

2020-жылдан тартып мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 392 | 0

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунайзаттардын же резервуарлардын базасы болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми көзөмөл-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунайзаттарды берүүнүн  автоматташтырылган электрондук системасы менен камсыз болгон шартта гана чекене сатууга болот.

Мунай жана мунайзаттарды эсепке алуунун жана көзөмөлдөөнүн электрондук системасына карата жаңы талаптарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта май куюучу станцияларда мунайзаттарды чекене сатуу менен алектенген бардык ишкердик субъекттер мунайзаттарды берүүнүн автоматташтырылган эсепке алуу системасын колдонууга милдеттүү болот.

Мунайзаттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар көзөмөл-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюуга мүмкүн болбойт.

Мында АМСке мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын мөөнөтүнөн мурда орноткон субъекттер үчүн АМСтеги, автомобилдик газ куюучу станциядагы мунайзаттарды куюучу люкту пломбалоо жана пломбасын алуу жол-жоболорун жүргүзүү талап кылынбайт.

Copyright © 2017 Maral FM