Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 8….13… күндүз: 22…..27°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 5….10….күндүз: 20…..25°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 11…..16….күндүз: 26….31°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 7…..12….күндүз: 21……26°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 5….10…..күндүз: 23….28°C;
25-сентябрда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24……26°C, түнкүсүн 10..… 12°C.