Биз менен байланышыңыз

«Министрлик келген адамдарды кучагына алган мекеме болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 2481 | 1

Мектеп директору инсандык сапаты жогору, жетекчилик жана уюштуруучулук таланты бар менеджер болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мектептерди өнүктүү үчүн директорду туура тандоо зарыл.

«20 жыл бою бир орунду менчиктештирип алган директорлор да жок эмес. Эң башкысы жаш, жаңы күчтөрдү алып келип, реформаларды башташыбыз керек. Бул багытта мыйзамдуу жолдорду таап, иш алып барабыз. Экинчиси, орун алмаштыруу (ротация) жолу аркылуу күчтүү директорду башка мектепке которуп, тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек. Орун алмаштыруу маселеси мыйзамда каралган эмес. Бирок Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киригизип, жетекчилик менен чече турган маселелер да бар», — дейт Исаков.

Анын пикиринде, Билим берүү жана илим министрлиги келген адамдарды кучагына алып, алардын арызын уккан мекеме болушу керек.

«Себеби, мен ректор болуп турганда да министрликтеги айрым адамдардын кабинетине кире алчу эмесмин. Мындан сырткары, ички аудиттин максаты финансылык ачык-айкындуулук боюнча кеңеш берип, колдоо көрсөтүү. Бирок ал тескерисинче, текшерүүчү, башка нерселерди талап кылуучу органга айланган. Азыркы мезгилде аларды иштен кетирдим. Себеби, биз министрликтин философиясын өзгөртүшүбүз кажет», — дейт министр.

1 пикир

1 пикир

  1. Жылдыз

    24.09.2019 13:32

    Мен 3 жылдан бери мектептен же бала бакчадан орун таппай келем барсам эле бизде орун жок дешет да менин тааныштарымдын мен чуркаган орунга иштеп калганын кором. Жашы 70 ке чыккан апаларыбыз иштеп журот. Жаш тарбиячылар акчаны алган алар жумушун биз жазайбыз оздору отурушат бекер акча жана пенсиясы бар деп айтышат. Мен кандай болгон кундо бала бакча менен мектептен орун таап иштей алам . Таанышым жок. Жооп берип коесуздар деген умуттомун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM