Биз менен байланышыңыз

Исаков: 1-2 жылда мектеп фонддорун жоёбуз

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 982 | 0

1-2 жылда мектеп фонддорун жоёбуз, өкмөт да ушул багытта иш алып барууда. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эгерде чогултулган каражаттар туура багытта иштетилбесе, коомдук фондго каражат чогултууну токтотуу зарыл.

«Пилоттук долбоор катары кийинки жылдан тарта 1-2 шаарда мектептердин керектөөлөрү мамлекеттик бюджетке өтсө, коомдук фонддун зарылчылыгы жок болуп калат. Буга аң-сезимдүү түрдө барабыз. Эгерде мектеп жетекчилиги менен ата-энелер ачык-айкын, мунасага келип иштей албай жатса, анда коомдук фонддорду жаап койгон туура», — дейт Исаков.

Ал мектеп жетекчилиги квартал сайын ата-энелерге коомдук фондго чогулган каражаттын сарпталуусу тууралуу отчёт берип турушу керектигин белгилейт.

«Бүдөмүк ойлор жаралган жерлердин баарына мораторий жарыялашыбыз керек. Мектеп жетекчилиги элдин реакциясына маани бербей койгондон улам ушундай көйгөй жаралууда. Мугалимдер социалдык жактан кыйналып жашаган баланы окуучулардын алдында уяткарган учурлар да кездешип жатат», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM