Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Путин эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 423 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан жана Орусиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Владимир Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча товар айлантуунун өсүүсү 17 пайызды түзүп, ушул жылы дагы өсүп жатат.

Ал Орусиянын жана Кыргызстандын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Ал өткөн машыгуулар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн сыймыктанса болорун айгинелеп турганын айтты. Эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү союздашы экенин дагы бир жолу белгилеп, кызматташтыктын бардык багыттары боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт катары атады.

Copyright © 2017 Maral FM