Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чырдан Максат мектебине канча чыгым келтирилгендиги айтылды

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 641 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Лейлек районундагы Максат орто мектебине келтирилген материалдык зыян эсептелип, акт түзүлдү. Чыгым 129 миң 500 сом деп аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Лейлек районунун Максат айылынын кыргыз-тажик чек ара аймагында 16-сентябрда болгон куралдуу кагылыштан Максат орто мектеби жана бир канча курулуш жана унаалар жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM