Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Кыргызстан олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 496 | 0

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өз сөзүндө Абылгазиев ишкерлерди талыкпаган, жигердүү эмгеги аркылуу Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон  баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндө 500 миңге жакын ишкер бар, ал эми кичи жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагы ИДПнын жалпы көлөмүнүн 30 пайыздан ашуунун түзөт. Бул көрсөткүч ишкерлер биздин өлкөбүздүн экономикасынын кыймылдаткыч күчү жана локомотиви экендигинен кабар берет. Мындан сырткары, биздин ишкерлер тышкы рынокту барган сайын активдүү өздөштүрүп, өлкөгө жаңы технологиялар менен демилгелерди жаңылык катары киргизип жатышат», — дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле, бизнестин өлкө аймактарындагы ордун жана тийгизген таасирин, ошондой эле кыргызстандын ишкер айымдарынын салымын өзгөчө белгилейт.

Кыргызстан бүгүнкү күндө олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Биз мындан аркы өнүгүүнүн артыкчылыктарын жана параметрлерин так аныктадык. Эми биз жолубузда кандай гана тоскоолдуктар кездешпесин, алдыга гана кадам шилтешибиз керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күндө бизнес жаатындагы жаңы демилгелер менен идеяларды кабыл алууга даяр экендигин өзгөчө белгилегим келет», — дейт премьер-министр.

Куттуктоодо ошондой эле, ар кандай маанилүү жолугушууларда ишкерлер менен үзгүлтүксүз диалогдор жүргүзүлүп турганы кошумчаланат.

Copyright © 2017 Maral FM