Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Путин менен жолугушат

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 564 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Оренбург шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки президент «Центр-2019» аталышындагы ири аскер машыгууларына катышып, эки тараптуу сүйлөшүү да жүргүзөрүн билдирген.

Орусиянын аскердик машыгуулары 16-сентябрда башталган, 21-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын армиясы катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM