Биз менен байланышыңыз

Быйыл 44 айыл таза суу менен камсыз болот

Коом | 19 Сен 2019 | 575 | 0

Кыргызстанда таза суу жетпеген 600гө жакын айыл бар. Анын ичинен 86 айыл таза суу менен камсыздалды, эми ушул жылдын аягына чейин 44 айылга да таза суу жеткирүү мерчемделүүдө. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдары таза суу менен камсыз болот деген убадасын берген.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн эл аралык донорлор жардам берет. Учурда 300 млн сом бөлүнгөн.

Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов: «Жаңы жылга чейин 44 айылга таза суу чыгарып беребиз», — деди.

— Өзгөчө түштүктөгү аймактарда таза суу жетпейт. Жаңы жылга чейин 44 айылга таза суу жеткиребиз. Ал эми 2023-жылга чейин бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылууну пландап жатабыз. 

Таза суу жетпеген айылдардын бири — Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылы. Анда жалпы 12 миңге жакын калк жашайт. Жергиликтүү тургундар 2-3 чакырым алыстагы агын суулардан ташып ичишет. Жакында эле айыл тургундары акча чогултуп, жер тоңуп кала электе суу түтүкчүлөрүн жаңыртуу керектигин айтып чыгышты.

Кыргызстан менен Саудия өнүктүрүү фондунун ортосунда 30 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык макулдашууга кол коюлду. Бул сумма өтө муктаж болгон 61 айылды суу менен камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу долбооруна жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM