Биз менен байланышыңыз

Бажычылар аткезчилик менен келген 240 телефонду кармады

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 556 | 0

Бажы кызматкерлери 2 млн 885 миң сомдук телефондорду аткезчилик жол менен ташып келаткан жаранды кармады. Бул бажы кызматкерлери тарабынан уюштурулган «Ыкчам» операциясынын натыйжасында ишке ашканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагына товарларды жана унааларды мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн.

Анда 16-сентябрь күнү Т. Н. аттуу Кыргызстандын жараны башкарып бараткан «Lexus GX-460» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын салонунан кошуна мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 120 даана «SAMSUNG Galaxi A-20» жана 110 даана «SAMSUNG Galaxi A-30» маркасындагы чөнтөк телефондор табылган.

Айдоочу товардын мыйзамдуу экенин тастыктаган документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 2 885 000 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM