Биз менен байланышыңыз

Баткен: Такталбаган чек ара тилкесиндеги курулуш токтоду

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 1335 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары жүргүзүп жаткан курулуш иштери токтоду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу кагылыштан кийин тажик тарап Лейлек районуна караштуу Максат айылынын «Футбол аянтчасына» салып жаткан курулуш иштерин токтотту.

Бүгүн ошондой эле Баткен районунун Жака-Өрүк айылында да курулуш иштери токтоду. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында кырдаал туруктуу.  

Copyright © 2017 Maral FM