Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы Парламентте эртең угулмай болду

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 430 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон чыр, ок атышуу боюнча Өкмөттүн маалыматын угуу эртеңкиге калды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынга келе албай калганы себеп болгон. Мындан улам төрага 19-сентябрда кароону сунуштады.

«Өкмөт башчы түштөн кийин бошоп калат экен. Толук маалыматты эртең алсак туура болот», — деди төрага.

Бул сунушту 61 депутат колдоп, маселе эртең каралмай болду.

Бүгүн жалпы жыйынында төрага чек ара боюнча маселени саат 14:00гө кароону сунуштап, ал колдоо тапкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM