Биз менен байланышыңыз

УКМК чагымчыл чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 508 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы интернет жана социалдык тармактарда эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо кетирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен чагымчыл чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат.

Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу башаламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Буга байланыштуу, коомдогу чыңалууну алып келе турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдонорун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM