Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты. Грек-рим күрөшү: Мурат Рамонов коло байге үчүн таймашат

Кыска кабар , Спорт | 17 Сен 2019 | 612 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов бүгүн дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн көңүл жубатуучу таймашка чыгат.

Мурат кечээ чейрек финалда кубалык Оскар Пино Нандска утулуп, финалга чыга албай калды. Өз кезегинде Оскар жарым финалда ирандык Амир Мохаммадали Гасемимонджезини жеңип финалга чыкты. Бул Мурат Рамоновго коло байге үчүн көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк болду. Эми Мурат көңүл жубатуучу беттеште алгач индиялык Навен Навен менен эстониялык Найки Наби беттешинин жеңүүчүсү менен кармашат.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат.

Анда ар бир салмакта биринчиден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Copyright © 2017 Maral FM