Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 567 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Анда өкмөт башчы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөргөндүгү, акыркы кырдаал боюнча маалымат алгандыгы айтылат.

— Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, кыргыз тарап буга чейин мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларды катуу карманат жана чек ара маселелерин кароодо конструктивдүү мамилелерди колдойт, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы: Ок атышууда 1 аскер каза болду

Copyright © 2017 Maral FM