Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Ок атышууда 1 аскер каза болду

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 4943 | 0

Лейлек районунун Максат айылында болгон ок атышуу боюнча Чек ара кызматы маалымат таратты. Анда Тажикстан тарап биринчи ок чыгаргандыгы, анын кесепетинен 1 чек ара кызматкери каза болгондугу айтылат.

Акыркы маалымат боюнча ок атышуу 21:30да токтогон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Чуу Тажикстандын жашоочулары такталбаган жерге курулуш баштаганынан чыккан. Ага жооп катары кыргызстандык ошол жерде жайгашкан өз короосуна курулуш баштаган.

Кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, курулушту токтотууну сүйлөшүшкөн. Ага карабастан, Тажикстандын жараны курулушту токтоткон эмес. Ошол себептүү кыргызстандык да өз курулушун уланта берген.

16-сентябрда 19:30да кошуна өлкөнүн чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жаранына токтотуу талабын койгон. Пикир келишпестик кийин ок атышууга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM