Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Тажикстандын Тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 749 | 0

Лейлек районунун Максат айылындагы ок атышууга байланыштуу Кыргызстан жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сирожиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Анда Айдарбеков Тажикстандын аскерлеринин курал колдонуп, ок чыгаргандыгы туура эмес деп баалаган.

Андан тышкары, ок атышуунун кесепетинен бир аскер каза таап, экөө жаракат алганын, чек ара постуна жана кыргызстандык жарандын үйүнө зыян келтирилгенин белгилеген.

Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык аскерлер биринчи болуп ок чыгарганына да токтолгон.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү 19:30да Максат айылында ок атышуу башталган.

Чуу Тажикстандын жашоочулары такталбаган жерге курулуш баштаганынан чыккан. Ага жооп катары кыргызстандык ошол жерде жайгашкан өз короосуна курулуш баштаган.

Кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, курулушту токтотууну сүйлөшүшкөн. Ага карабастан, Тажикстандын жараны курулушту токтоткон эмес. Ошол себептүү, кыргызстандык да өз курулушун уланта берген.

16-сентябрда 19:30да кошуна өлкөнүн чек ара кызматкерлери Кыргызстандын жаранына токтотуу талабын койгон. Пикир келишпестик кийин ок атышууга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM