Биз менен байланышыңыз

Чек ара боюнча айтып чыккан айылдык кеңештин депутаты сурак берип чыкты (видео)

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 1237 | 0

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маселе көтөргөндүгү үчүн сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эрте менен саат 10.00 дө кирип, саат 16.00гө чейин сурак берген.

Эске салсак, Сапарали Бөрүбаев 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп жатканын билдирип, коомчулукка кайрылып чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM