Биз менен байланышыңыз

Дүйшөбаев: Бажы, Салык кызматында азыр да чуулуу иштер көп

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 486 | 0

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев «Маралда» «Кечээ. Бүгүн. Эртең.» программасына берген маегинде Бажы кызматында, Салык кызматында азыр да жашыруун, чуулуу иштер көп экенин билдирди.

Ал аталган кызматтарда эл алдында жоопкерчилик жок экенин айтып, сынга алды.

«Мындан улам системаны өзгөртүү зарыл. Ага барбасак, «Мамайдын көрү» кайталана берет. Эгемендүүлүк алгандан бери саясий, экономикалык, коомдук мамилелердеги реформага көп басым жасалды. Бул багыттагы иштер жемиштүүлүгүн көрсөттү. Ошол эле убакта артта калган багыттар бар. Алсак, сот реформасы, укук коргоо органдарынын реформалары. Бийликке келгендер саясий реформаны өзүнө ыкташтырып жүрүп, күч түзүмдөрүндөгү өзгөрүүлөр артта калды», — дейт Дүйшөбаев.

Ал белгилегендей, коопсуздук сферасындагы реформаны 1990-жылдарда эле баштоо зарыл болчу.

Copyright © 2017 Maral FM