Биз менен байланышыңыз

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 456 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон жолугушуусу жайдары маанайда өттү. Бул тууралуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев «Маралда» «Кечээ. Бүгүн. Эртең.» программасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу 4 саатка созулуп, коомдогу актуалдуу маселелердин тегерегинде сөз болгон. Саясатчы Азимбек Бекназаров курултайдын иши боюнча маалымат берип, конституциялык реформа жөнүндө, ал эми коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев идеологиялык маселелерге токтолгон.

Экс-президент Роза Отунбаева реформалардын жүрүшүнө басым жасаса, мурдагы премьер-министр Темир Сариев экономикалык көйгөйлөр тууралуу айткан.

«Жеке мен улуттук баалуулуктарга басым жасап, ал боюнча сунуш бердим. Жолугушууда Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсү сөз сүйлөдү. Сооронбай Жээнбеков да Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон. Ал муну өз сөзүндө да белгилеп кетти. Биз жоопкерчиликти сезип жатканыбызды айтып, жардам керек болсо, колдой турганыбызды билдирдик. Кадр маселесин көтөргөн жокпуз. Президент кадрдык маселелерде көп мүчүлүштүктөр бар экенин айтты. Көп жерде жоопкерчиликтен качып, жасалган ишти элге жеткире албай жаткан жетекчилер бар экенин белгилеп, түшүндүрмө берди», — дейт Дүйшөбаев.

Ал билдиргендей, жыйында Жээнбеков саясий негизде камалгандардын ишинин акыйкат каралышын колдогон. Өлкө башчы баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтып, соттордун ишине кийлигишпей жатканын маалымдаган. Буга саясатчылар Дүйшөнкул Чотонов менен Өмүрбек Текебавдин ишин далил катары көрсөткөн.

Жолугушууда парламентик шайлоо тууралуу айтылган эмес.

Эске салсак, 14-сентябрда президент Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугуп, Бишкектин Ынтымак паркына көчөт тигишкен.

Copyright © 2017 Maral FM