Биз менен байланышыңыз

Сот Атамбаевден доо койгон саясатчыларга 100 миң сомдон төлөтмөй болду

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 978 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден ага доо койгон саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин ар бирине 100 миң сомдон төлөтмөй болду.

Бүгүнкү жараяндын жүрүшүндө сот жабырлануучулардын арызын канааттандырды. Мындан сырткары «Апрель» телеканалына тагылган кинелер алынып салынды.

Доо келтиргендер бул каражатты кайрымдуулукка жумшай турганын айтышууда.

Ал ортодо жоопкер жогорку инстанцияга кайрыларын айтат.

Эске сала кетсек, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров, жана УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалга курган маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM