Биз менен байланышыңыз

«Жаңы жылга чейин өкмөт алмашып калса, таң калуунун кажети жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 880 | 0

Реформа жасалууда. Бирок жасалган иштерди элге жеткирүүдө өкмөттүн иши начар болуп жатат. Мындай пикирин Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев «Маралда» «Кечээ. Бүгүн. Эртең.» программасына берген маегинде билдирди.

Анын баамында, өкмөттүн бир топ мүчөлөрү жоопкерчиликтен, эл менен жолугуудан качып жатат.

Дүйшөбаев өкмөт өзүнүн потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын колдонуп бүткөнүн, бирок экономикалык абалды курчуткан маселелер чечилбей жатканын сынга алды.

«Алсак, алтын кендери, энергетика, жол системасында курч көйгөйлөр көп. Аларды чечүүдө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чектелүү жана жоопкерчилик алууга даяр эмес. Өкмөттү алмаштыруу менен абал жакшырып кетпейт. Президент Сооронбай Жээнбеков биз менен болгон жолугушууда өкмөттүн кемчиликтерин моюнга алып, ачык айтты. Жаңы жылга чейин өкмөт алмашып калса, таң калуунун кажети жок», — дейт Дүйшөбаев.

Эске салсак, 14-сентябрда президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугуп, Бишкете «Ынтымак» паркына көчөт тигишкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM